Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү орун алды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу тобунун жетекчиси Хожазода Ориф Ашури менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, жолугушуу 12-августта Дүйшөнбү шаарында өттү.

Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашты жана пикир алышты.

Абдылдаев 21-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптын мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр процессин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга кыргыз тарап даяр экендигин ырастады. Өз кезегинде Хожазода Ориф Ашури тажик тарап топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында уюштурууга даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан