Бакыт Төрөбаев Азербайжандын президентин өлкөгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу Төрөбаевдин Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Тараптар президент Садыр Жапаровдун 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулаган.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кыл багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык, соода-техникалык жана гуманитардык кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алышуу орун алды.

Бакыт Төрөбаев Ильхам Алиевге президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан