Садыр Жапаров Еревандагы жарылуу учурунда адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Армениянын президенти Ваагн Хачатурянга “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Армения Республикасында “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыркагандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-августта Ереван шаарындагы соода борборунда катуу жарылуудан улам бир адам каза болуп, 26 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан