Британдык суучулдар Биринчи дүйнөлүк согушта чөккөн америкалык кемени табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, суучулдар тобу 1917-жылы Англиянын жээгинде Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Германиянын суу астында жүрүүчү кемеси тарабынан чөктүрүлгөн америкалык "Жейкоб Жонс" кемесинин ордун аныкташкан.
Кеме 1917-жылдын май айынан тартып Британ жээктеринде конвойлорду кайтарып, коштоп жүрүүгө тийиш болчу. Бирок 6-декабрда кеме чөгүп кеткен. Эсминец англиялык жээктен 160 чакырым алыстыкта, Ла-Манш жээгинен анча алыс эмес жерде болгон. Тарыхчылардын айтымында, кеме 8 мүнөттүн ичинде чөгүп кеткен жана кемедеги 110 адамдын 46сы гана жээкке чыга алган.
1000 тоннадан ашык салмагы бар кеме абдан бат чөгүп кеткендиктен анын турган жери 100 жылдан ашык сыр бойдон калган.