Япониянын премьер-министри Фумио Кисида эми мындан ары Япония эч кандай согуштук аракеттерге барбай турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз мындан ары эч качан согуштук аракеттерге барбайбыз. Мен бул чечкиндүү антымды аткарууну улантам. Жаңжалдар дагы эле басаңдабаган дүйнөдө Япония "тынчтыкка жигердүү салым" деген ураандын астында ар кандай маселелерди чечүү үчүн колунан келгендин баарын жасайт", - деген ал.
Японияда учурда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда өлкөнүн багынып беришинин жылдыгы белгиленип жатат.
Буга чейин Япониянын өкмөтү толук курамын алмаштыруунун алдында отставкага кеткен. Кызматтан кеткенине карабастан өкмөттүн ар бир мүчөсү жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткара берет.