Бүгүн, 16-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өткөрүлөт.
Анын жүрүшүндө саясий, соода-сатык жаатындагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган кыргыз-түрк мамилелерине тиешелүү маселелер каралат. Ошондой эле экономикалык, маданий, гуманитардык жана саясий тармактар талкууланат.
Мындан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.