Чүй облусундагы Ала-Арча суусунан 21 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Министрликтен билдиришкендей, Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20да кыздын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.