"Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкөнүн билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болот.
Окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, анын түсү кийимдин классикалык стилине туура келиши керек.
Белгилей кетсек, шаардын аймагында жогорудагы токтомго каршы келген башка мектеп формасы киргизилген эмес. Ушуга байланыштуу ата-энелерди ушул токтомдун нормаларын жетекчиликке алууну суранабыз", - дешти мэриядан.
Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдары тарабынан мектеп формасын сатып алууга мажбурлоонун конкреттүү фактылары аныкталган учурда директорлорго тартиптик жаза чаралары көрүлөрүн кошумчалашты.
Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова мектеп администрациясы ата-энелерди 8 миң сомго форма сатып алгыла деп мажбурлап жатышканын айтып чыккан. Буга удаа Билим берүү жана илим министрлиги мектеп формасына байланыштуу билдирүү тараткан.