Армениянын борбору Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуунун кесепетинен каза болгондордун саны 15 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамдын, анын ичинен кичинекей баланын да сөөгүн алып чыгышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, 18 адам дайынсыз болууда. Андан сырткары 61 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Эскерте кетсек, жарылуу 14-август күнү соода борбордогу пиротехника сакталган кампада болгон. Учурда урандылардын алдынан жарандарды издөө жана куткаруу иштери уланууда.