Ысык-Көлдө кызматтык унаалардын айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 12-14-августта өткөн рейддин жүрүшүндө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлор тарабынан жалпысынан 307 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы тастыкталды.
"Укук бузуулар кодексинин 182 (транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу), 184 (транспорт каражаттарын документи жок башкаруу) жана 194 (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) беренелеринин талаптарын бузгандыгы үчүн облустун мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын 20 кызматтык унаалардын айдоочулары жоопкерчиликке тартылды. Үч күндүк рейддин жүрүшүндө жол эрежелеринин талаптарын бузгандыгы үчүн жалпы 789 миң сом айып салынды", - деп жазылат маалыматта.