Бишкекте 22 жаштагы келин таксиде көз жарды

Бишкекте 22 жаштагы келин №4 төрөт үйүнө бара жатып таксиде көз жарды. Бул туурасында SUPER.KG порталына "Тез жардам" кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-август күнү эртең менен болгон.

"Келин төрөт үйүнө такси менен бармакчы болгон. Бирок анын толгоосу башталып "Вефа" соода борборунун жанында унаадан көз жарган. Окуя болгон жерге реанимация тобу жөнөтүлүп, алар убагында барышкан. Эне менен бала төрөт үйүнө жеткирилди", - деп билдиришти борбордон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан