Голливуд актёру Жонни Депп режиссёр катары өзүнүн экинчи тасмасын тартат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тасма сүрөтчү Амедео Модильянинин жашоосун баяндайт. Тасмага Аль Пачино жана Барри Навади продюсерлик кылмакчы. Ал эми башкы ролдорго кимдер тандалганы азырынча ачыкталган эмес. Тасманы тартуу иштери 2023-жылы жаз айларында Европада башталары айтылат маалыматта.
Белгилүү актёр Жонни Депп өзүнүн алгачкы "Эр жүрөк" тасмасын мындан 25 жыл мурда, тагыраагы 1997-жылы тарткан.