Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан алдынкы 40 өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты Numbeo порталы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде 142 өлкөнүн ичинен 36-орунга жайгашты. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтинги акыркы 36 айдагы маалыматтарды колдонуу менен жылына эки жолу түзүлөт.
Өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли кылмыштуулуктун индексин баалоонун негизинде эсептелет. Анда 0дөн 19,99га чейинки индекс өтө төмөн кылмыштуулукту билдирет, 20дан 39,99га чейинки индекс – төмөн, 40тан 59,99га чейин – орточо, 60тан 79,99га чейин – жогорку , 80 жана андан жогору индекс - кылмыштуулук абдан жогору болгон индекс.
Кыргызстандагы кылмыштуулуктун индекси 55,88 болгон жана бул орточо болуп эсептелет.
Ал эми алдынкы үчтүккө Венесуэла (индекс 83,16), Папуа (80,26) жана Ооганстан (78,19) жайгашты.
Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 47 (индекс 53,04), Өзбекстан 104-орунда (33,66).