Бишкектеги "Ала-Арча" жаратылыш паркына жакын тоодон орусиялык альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, альпинисттин сөөгү бүгүн саат 10:00дө Ак-Суу тоосунан түшүрүлдү. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.
Белгилей кетсек, кечээ "Ала-Арча" капчыгайында эркек киши тоодон кулап кетип, дайынсыз болуп жатканы айтылган. Издөө иштерине 6 куткаруучу тартылган болчу.