15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, министрлик Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте баласын 1-класска каттоого жетишпей калган же каттоо учурунда көйгөй жаралган ата-энелерге көмөк көргөзүү үчүн атайын топ түзгөн.
"Комиссиялык топ ата-энелерден келген арыздарды карап чыгып, тиешелүү аймак боюнча катталуусуна байланышкан маалымат менен камсыз кылат. Аталган топ аптасына 2 жолу билим берүү бөлүмүнө келип, калтырылган арыздарды жеринде карап чыгат", - деп жазылат маалыматта.
Ата-энелер иш күндөрү (дүйшөмбүдөн – жумага чейин) тиешелүү аймагы боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө келип, арызын калтыра алат.
Арыздарды кабыл алуу эртең мененки саат 08:30дан 17:30га чейин жүргүзүлөт.
Маалыматта жазылгандай, 15-августтан баштап буга чейин өз баласын мектепке ийгиликтүү каттоодон өткөргөн ата-энелер тиешелүү документтерин катталган мектебине тапшыра берсе болот.