Ошто дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Азизбек изделип жатат

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан 16 жаштагы Азизбек Исраилжанов изделип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ак Алтын көчөсүнүн 2006-жылы туулган тургуну Азизбек Исраилжанов 5-август күнү саат 17:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Салмагы 55-60 килограмм.

Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, бутунда спорттук бут кийим.

Ак-Буура милиция бөлүмү Азизбек Исраилжанов тууралуу маалымат билгендерди (03222)-6-64-02, 0509-22-69-32 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан