АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги өлкөнүн башкы ооруканаларына 15 миллион сомдук заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жабдууларды кабыл алуу иш-чарасы бүгүн, 16-августта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурийла Шериеванын катышуусунда өттү. Саамалыкта өлкөнүн медицина тармагына баасы 15 миллион сомго жеткен мобилдик рентген-аппарат, жогорку технологиялык мобилдик видеобронхоскоп жана бейтаптардын буюм-тайымдарын, шейшептерди тазалоо үчүн атайы дезинфекциялоочу камералар тапшырылды.
Колдоо өлкөдөгү COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын жайылуусуна бөгөт коюуга багытталганы маалымдалды.