"Ала-Тоо" аянтында ийне жалбырактуу дарактарды тазалоо иштери жүрдү

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтында ийне жалбырактуу көчөттөрдү тазалап чыгышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, дарактарды тазалоо кургакчылыктан коргойт, грибоктук, бактериялык жана вирустук ооруларга туруктуулукту жогорулатат.

Ийне жалбырактуу дарактар эки айда бир жолу тазаланат. Мындан тышкары айына бир жолу газондор жана гүлдөр тазалоо иштеринен өтөт.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын январь айында "Тазалык" ишканасынан 150дөн ашык арча атайын гүл идиштерге отургузулган. Жыл сайын отургузулган өсүмдүктөрдүн 5 пайызы өспөй калат же калыбына келтирүүнү талап кылат. Алардын ордуна башка гүлзарлардан бөлүнгөн өсүмдүктөр отургузулат. Трансплантация аба ырайына жараша жазында же күздүн башында жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан