Эртең, 17-августта жогорку окуу жайларга тапшыруунун 5-туру аяктайт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттердин жогорку окуу жайларына тапшыруу сынагына катышуу үчүн берген өтүнмөлөрү 17-август күнү саат 14:00гө чейин кабыл алынат.
Ар бир турда бир бюджеттик жана бир келишимдик окууга өтүнмө берүүгө болот. Арыздарды бир университетке же эки башка окуу жайга тапшырууга мүмкүн.
Белгилей кетсек, ЖОЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, тизмеден жогорку окуу жайды тандап, өтүнмө берүү зарыл.