Бишкекте 65 жаштагы аял дайынсыз болуп изделүүдө. Жакындары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт

Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова дайынсыз болуп изделет. Ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, 5-август күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын С.Б. аттуу тургуну 1957-жылы туулган эжеси Мамеркулова Бейшегүл Турсунбаевнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ал 3-август күнү саат 14:00 чамасында Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан үйдөн чыгып кетип, үйүнө кайтып келген эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгон аялдын кайда экени белгисиз.

Белгилери: Бою болжол менен 152-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы ак-кара аралаш, коюу кара каштуу. Кийген кийими: жашыл көйнөк, бутунда кара бут кийим. Өзгөчө белгилери: Ичкиликти кыянаттык менен колдонот, кайырчылык менен алектенет.

Урматтуу жарандар! Бейшегүл Мамеркулованын жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан