Бишкекте той-аш өткөрүүнүн жобосу коомдук талкууга коюлду

Бишкек шаардык мэриясы той-аш, мааракелерди өткөрүүнү чектеген жобонун долбоорун коомдук талкууга койду.

Анда төмөнкүдөй талаптарды киргизүү сунушталган:

- Үйлөнүү үлпөт тоюнда, мааракелик салтанатта коноктордун саны 250гө чейин гана болушу керек, бир бодо мал же жылкы, болбосо үч майда жандык союуга болот, андан ашыгына жол берилбейт;

- Кортежге чыккан автоунаалардын саны төрттөн ашпашы керек;

- Үй-бүлөлүк салтанаттар (туулган күн, бешик той, куда тосуу, кыз узатуу жана башка) түнкү саат 12ге чейин аяктап, коноктордун саны 200дөн ашпашы зарыл.

- Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендердин саны чектелбейт, бирок үч күндө өткөрүп бүтүшү зарыл. Бодо мал союуга тыюу салынат;

- Куран окутууга, жылдык ашын өткөрүүгө 300дөн ашык адам чакырууга болбойт, бир бодо мал же болбосо үч кой союуга уруксат;

- Келгендерге баштык бербөө, кийит кийгизбөө сунушталат.

Ошондой эле мэрия мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди бул жаатта элге үлгү болууга чакырып, мындай чаралар президенттин ысырапкерчиликти чектеген жарлыгына ылайык көрүлүп жатканын белгилеген.

Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров жыл башында “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Андан көп өтпөй Кыргызстандын муфтияты маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан