Жалал-Абадда өтүп жаткан Кыргызстандын Кубогунда 8 команда ат салышууда

Бүгүн, 16-августта Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда 13 жашка чейинки балдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын Кубогу башталды. Ага өлкөнүн 7 дубанынан жана Бишкектен жаш футболчулар катышып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.

Кыргызстандын Балдар футбол лигасы тарабынан уюштурулган спорттук иш-чарага жалпысынан 8 команда катышып, алгачкылардан болуп оюн талаасында Жалал-Абад командасы менен Чүй командасынын оюнчулары күч сынашты.

Аталган футболдук мелдешти өткөрүүнүн максаты - өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө, футболду өнүктүрүү жана алардын достугун бекемдөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, оюндар 20-августка чейин уланып, жыйынтыгында жеңүүчү командага Кубок тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан