Ош шаарына жол оңдоого керектүү жаңы техникалар алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-августта Ош шаардык жолдор башкармалыгына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул атайын техникалар менен Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов жеринде таанышып, бул жабдуулар менен ишкананын мүмкүнчүлүктөрү бир топ жогорулап, жол жумуштарын өз алдынча ишке ашырууга шарт түзөрүн белгиледи.
Жол оңдоого төмөнкүдөй атайын техникалар алынды.
- вибракаток, салмагы 10 тонна, 2022-жылы чыгарылган;
- жол фрезердик станок (жолдорду оңдоодо топуракты же жолдун үстүнкү катмарын (анын ичинде асфальт-бетонду) алып салуу, жумшартуу жана майдалоо үчүн колдонулуучу машина), салмагы 16 тонна, 2022-жылы чыгарылган;
- жол чийиндерин чийүүчү станок (2022-жылы чыгарылган) жана Hyundai porter автоунаасы.