"Кылмыштын курамы жок". Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон иш токтотулду

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

"Тергөө ушундай тыянакка келгенин себеби, COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Жогорку Кеңеш менен макулдашуу менен министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы, ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эместиги жана бүгүнкү күндө республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болду.

Ошондой эле өлкөдө COVID-19 вакциналарына "Жеткиликтүү жана адилеттүү камсыз кылууга багытталган “COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо" долбоорунун алкагында 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 миллион 454 миң доллары өлчөмүндө орду толтурулган.

Ошентип Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына келүүгө толук укуктуу", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан