16-17-августунда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү жана биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өткөрүлөт.
Анын жүрүшүндө кыргыз-түрк мамилелерине актуалдуу маселелери, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы суроолор талкууланат.
Мындан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.