Поэтерапия: "Урпакты улай турган биз болобуз, керилген Акмөөр сындуу селкилери"

Поэтерапия рубрикабыздын бул жолку каарманы журналист Айсулуу Мусабекова. Ал 1991-жылы 22-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуң айылында төрөлгөн. 2009-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, 2014-жылы толук адистикке ээ болгон. 2014-жылы телеканалдардын биринде журналисттик эмгек жолун баштап, бүгүнкү күнгө чейин ишмердүүлүгүн улантып келет.

"12 жашымдан ыр жазууга кызыгуум ойгонгон. Ошол учур бүгүнкүдөй эсимде болсо дагы ал сезимди сөз менен айтып бере албайм. Ыр жазууга эмнеден улам шыктанып калганым мага дагы таң калычтуу. Жазган ырларымды темага ылайык дубал гезитке берчүмүн. Бир күнү эсимде "Супер-Инфо беш жашта" деп ыр жазууга сынак жарыяланган. Мен да ыр жазып почта аркылуу салып жиберсем гезит бетине жарыяланып чыккан. Ал учурда менден өткөн бактылуу адам жок сыяктанып аябай кубандым эле.

Мен өзүмдү акынмын же шедевр ырларды жазам деп төш кагып мактана албайм. Кээде жазылган ырларымды окуп чыкканымда ырынан да пыры көп сыяктанып кетет. Өзүм да уялып кетем. Бирок жакшы ырларды жаратып, келечек үчүн тоодой болбосо дагы томуктай эмгек калтырсам экен дейм", - дейт каарманыбыз.

Артка кылчаюу

Үйдү чачып далай жолу чаң салып,

Жыйнап койгон кийимдерди аңтарып.

Боз-ала чаң болгон кездер баягы,

Калган экен ал сезимде сакталып.

Эс тарттым мен улам жашка аттанып,

Ар мезгилим шоола чачат ак жарык.

Атам менен бирге жүргөн ал күндөр,

Калган экен жан-дүйнөмдө сакталып.

Кеткем эчак, өткөөл мезгил курактан,

Өзгөрмөлүү мүнөз күткөн убактан.

Балалыктын баё сезим күндөрүн,

Кош айтышып колун кысып узаткам.

Чоңойгон кез суулап чачым таранып,

А күзгүгө кайра-кайра каранып.

Жумшап ийсе кошунанын үйүнө,

Барыш кайда, чыкмайынча жасанып.

Мезгил менен аралаштым турмушка,

Мен өзөктөн алаар болсом бир нуска.

Жарыктантат жакшы ойлордун учугу

Жаратсам деп бир чоң эмгек кыргызга!

"Артка кылчаюуда" өзүмдүн бала кезимден ушул күнгө чейин баскан изимди чагылдыргым келген. Кээде айрым сүрөттөрүм мага шык берип ушундай мааниде ыр жаз деп багыттап тургансыйт. Бул ыр дагы артты карап, ойлонуп турган сүрөттөн улам жаралган".

Кыздарыбыз

Үзүлгөндү улаган уздарыбыз,
Улуу элдин учугу, урпагыбыз.
Улут-наркын сактаган бабалардын,
Эл үчүн кызмат кылчу кыздарыбыз.
Ойнок мүнөз, секелек бир кездеги,
Шуру-мончок, тагындык тизмектеги.
Урпакты улап кетүү милдетибиз,
Кыргызымдын наздуу кыз- бийкечтери.
Суктандырып, каратып, көргөндөрдү,
Чачтарыбыз беш көкүл, өргөндөгү.
Нарк- насилди сактачу, биз болобуз,
Кыргызымдын кымча бел, мөлмөлдөрү.
Асмандын, көркүн ачса жетигени,
Баамдоого акылыбыз, жетик эми.
Урпакты улай турган, биз болобуз,
Керилген Акмөөр сындуу селкилери.
Эжебиз, кай бирине женелербиз,
Турмуштун кайыгында, кемедебиз.
Жигиттерге колукту, жары болсок,
Балдарга мээрим төккөн, энелербиз!
"Бул ыр капысынан жазылып калган. Бир күнү ойлонуп олтуруп кыздардын секелек, селкилер, бийкечтер, мөлмөлдөр деген аталыштары аябай кызык болду. Бир эле кызды жаш курагына жараша аталса, анан эжебиз, женебиз, эне да болобуз деп ушундай ой жорумдан улам жазылып калган. Бул ыр аркылуу аял затынын аруулугун, наздуулугун, баалуулугун ачкым келген. Бул канчалык деңгээлде орунду алганын окурмандар бааласа керек".
Бул өмүргө келбесмин
Мейли арзан, жупун болсун чапаным,
Мейли менин таш жарбасын атагым.
Улуу мурас, нарк - насилди сактаган,
Толуктасам болду АДАМ катарын.
Мейли менин жыртык болсун өтүгүм,
Мейли болсун жан-дүйнөмдө өксүгүм.
Кымбат баалуу жана дагы ардактуу,
Калтырбасам болду АДАМ көңүлүн.
Мейли мени жаман дешсин, сен дешсин,
Колундагы жарты нанын бербешсин.
Урмат- сыйда кала берем анткени,
Экинчи ирээт бул өмүргө келбесмин.
"Негизи жашоодо мен бирөөнүн көңүлүн оорутуп албасам экен деп этият карайм. А түгүл бирөө жарым менен урушуп жатсам дагы азыр катуу айтып көңүлүн оорутуп албаймынбы деген ой дайыма аң-сезимимде ойноп турат. Айрым адамды капа кылып алсам ичимен ойлонуп түйшөлө берем, бул ыр ушундай ой-толгоонун натыйжасында жаралган".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан