Бишкек мэриясы тарабынан баш аламан соода кылган 20 түйүн алынды

Бишкек шаарынын мэриясы баш аламан соода-сатык менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз көчө соодасын токтотуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүп турат.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы "Ынтымак-2" сейил багында мыйзамсыз баш аламан соода-сатыкка каршы текшерүү жүргүзүштү. Рейддин жыйынтыгы боюнча 20 баш аламан соода-сатык түйүнү, 10 штендер алынды. Көчө соодасын жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан