Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаага тартип киргизүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-августта Аламүдүн РИИБинин жанында жашаган тургундардан инспекциянын дарегине даттануу келип түшкөн. Кайрылууда кызматкерлер айланадагы таштандыларды такай өрттөшөрү белгиленген.
Жибек Жолу кең көчөсү 68 дарегинде жайгашкан РИИБдин администрациясы боюнча инспекция тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен 23 миң сом айып салынган. Тартип сакчылары мыйзам бузууну тааныган жок, ишти административдик комиссия карайт.
Инспекция тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурда менчигинин түрүнө карабастан мыйзамга ылайык 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып пул саларын эскертет.