"Танк биатлону" мелдешинде Кыргызстан төртүнчү орунду ээлеп калды (видео)

Бүгүн, 17-августта Орусияда өтүп жаткан "АрМИ-2022" алкагындагы "Танк биатлону-2022" мелдешинде Кыргызстандын танкисттери жарышка түштү.

Кыргыз танкисттери Кытай, Орусия жана Беларусь менен бир тайпага бөлүнгөн. Жыйынтыгында кыргызстандык танкисттер марага 44 мүнөт 43 секундда келип, тайпада акыркы орунду ээледи. Кыргыз курамасы мишен атууда каталарды кетирди.

Бул тайпада биринчи орунду Орусия (22 мүнөт 12 секунд), экинчини Кытай (24 мүнөт 48 секунд) жана үчүнчү орунду Беларусь өлкөсү ээледи (27 мүнөт 58 секунд).

Эскерте кетсек, эл аралык "Танк биатлону-2022" мелдешине Европа, Азия, Африка жана Латын Американын 21 мамлекетинен турган командалары катышууда. Мелдеш 27-августта аяктайт.

Кыргызстан "Танк биатлону" мелдешинде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан