Бишкек троллейбус башкармалыгы караңгылатылган айнектерди аныктоо боюнча рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан маалым болду.
Билдирүүдө айтылгандай, "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери троллейбус айдоочуларынын мыйзамсыз караңгылатылган айнектерин аныктоо боюнча рейд өткөрүштү.
Эки күндүн ичинде 140 троллейбус каралды. Караңгылатылган айнек табылган айдоочулар менен жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. Алардын ичинен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн күн сайын каттамга 135-140 троллейбус чыгат.