Бишкек мэриясы тарабынан билим берүү мекемелериндеги спорт залдар жаңыланууда

Учурда билим берүү уюмдарынын спорт залдары жаңылоодон өтүүдө. Мындай билдирүүнү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматка караганда, спорт аянтчаларынын, спорттук залдардын, стадиондордун, бассейндердин, мектептен тышкаркы иш-чараларды өткөрүү үчүн жайлардын жана башка коммуналдык бөлмөлөрдүн абалы канааттандырарлык.

Бардык спорттук шаймандар оңдолуп, сырдалып, белги коюлган. Спорт залдар жана кийим чечүүчү бөлмөлөр косметикалык оңдоодон өтүп жатат. Спорттук трибуналар жана шаймандар (футбол дарбазалары, вертикаль турниктер ж.б.) көңүл сыртында калтырылбай, аларды бекемдөө иштери жүргүзүлдү. 97 жалпы билим берүү уюмунун 92синде (95%) спорт зал бар, №43, 35, 80, 90, 10 мектептерде жок. Мындан тышкары билим берүү уюмдары жанаша жайгашкан аймакты жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан