Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өттү

Бүгүн, 4-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында мамлекет башчы жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын маанисин баса белгилеп, Кеңештин ишинин жүрүшүнө жана анын алкагында жыйынтыктуу жана конструктивдүү диалог уюштургандыгына канааттангандыгын билдирди. “Кеңеш иштиктүү экендиги  көрүнүп  турат: жакшы сунуштар иштелип чыгып,  мүчөлөрдүн учурдагы жана  улам келип чыккан сын-пикирлери эске алынып жатат”,- деди Атамбаев. 

Жыйында судьялардын кесиптик милдетин аткаруудагы, мыйзамдарды жана судьялардын ар намыс Кодексин кыйшаюусуз сактоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу максатында эксперттик жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан сунуштары талкууланды. Бул максаттарга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы тартип боюнча комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү жолу менен жетүү болжолдонууда.  

Кеңеш мүчөлөрү сунушталган документтерди колдоого алып, келип чыккан бардык маселелерди тыкыр кароого негизделген жаңылыкты этап-этап менен ишке киргизүү керек деген пикирлерин айтышты. Кеңеш мүчөлөрү сунушталган документтердин концепциясын колдоого алып, алдыга коюлган максатка жетүүнүн жолдорун жана формаларын абдан тыкыр кароонун зарылчылыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан