Эмгек министрлиги балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 200 миңге жакын жаран бар. Алардын 35 миңи 18 жашка чейинки балдар. Ошол эле учурда өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды реабилитациялык кызматтар менен толук камсыз кылууда кыйынчылыктар бар.
Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти Курманбек Бакиевдин Жибек Жолу кең көчөсү 519 жана 521 дарегинде жайгашкан үйүнүн имаратында жана Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жайгашкан үйү мамлекеттик менчикке өтүп, балдардын реабилитациялык борбору катары пайдаланылат. Анда нерв системасынын, таяныч-кыймыл аппаратынын же сезүү органдарынын майып оорулары менен жабыркаган, психикалык жана жүрүм-туруму бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дарыланат. Кичинекей бейтаптар физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтирет.
Жогорудагы үйдүн курулуш иштери башталды.