Кара-Көлдө 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, шаардык милиция бөлүмүнүн демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык активисттердин, айыл тургундарынын катышуусунда «Кара-Куурай» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды жасоонун, сатуунун, колдонуунун алдын алуу жана болтурбоо болуп эсептелет.

Анда Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү, Камбар-Ата жана Көк-Бел айылынын талаа жерлеринде өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, жалпысынан 4 гектар жерден 6 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан