Бүгүн, 5-декабрда Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Балтада шаарында №42-44-көп кабаттуу үйлөрүндө, Жайыл районуна караштуу Петропавловка айылында, Сокулук районундагы Белек айылында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Жогоруда аталган аймактарда электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себеби электр чубалгыларын алмаштыруу, техникалык тейлөө сыяктуу оңдоо иштерине байланыштуу.