Бишкекте үч көчө мындан ары бир тараптуу болду. Кайсы көчөлөр?

Бишкекте үч көчө мындан ары бир тараптуу болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-августтан тарта расмий түрдө Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн Киев көчөсүнөн тартып, Чүй көчөсүнө чейинки бөлүктөрү бир тараптуу болду. Андан сырткары, Шопоков көчөсү бир тараптуу болгон.

Азыркы учурда Логвиненко көчөсү Чүй көчөсүнөн тартып, түштүктү карай бир тараптуу, ал эми Панфилов көчөсү Чүй көчөсүнө чейин түндүктү көздөй бир тараптуу болду.

"Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан баардык жол белгилер орнотулуп, расмий түрдө каттам жүрүүдө.

Ошол эле учурда кайгуул кызматы азырынча айдоочулар көнүп, адаптация болмоюнча бир-эки күн эреже бузган айдоочуларга протокол түзбөй эскертүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан