Ош облусунда тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо иш-чарасы өтүүдө

Ош облусунун аймагында тилемчилик кылып жүргөн өспүрүм балдарды аныктоо иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

“Ош облусунда 17-19-август күндөрү "Тилемчи" аталыштагы профилактикалык алдын алуу иш-чарасы өткөрүлөт. Аталган рейд 1-сентябрь окуу жылына карата уюштурулуп, коомдук жайларда, базарларда тилемчилик кылып жүргөн балдарды аныктоо максатында өткөрүлүүдө. Мындан сырткары коңшулаш мамлекеттерден келип тилемчилик кылган (лөлү) жарандарга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери күчөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Рейд учурунда балдардын ата-энеси, жашаган жери так аныкталбаса, алардын жашаган дарегин жана ата-энесин тактоо максатында Ош ОИИБдин Балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, тийиштүү тактоо иштери жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан