Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанова жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Ниматилла Каримбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулган.