Депутат Карганбек Самаков Азербайжандын Маданият жана туризм министри менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков бүгүн, 4-декабрда Азербайжандын Маданият жана туризм министри, ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйынынын төрагасы Абулфас Караев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өз ара маданий байланыштарды чыңдоо, ЮНЕСКОнун алкагындагы кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз жана азербайжан элдерине таандык маданий мурастар боюнча маалымат алмашуу жана өз ара колдоо туурасындагы маселелер талкууга алынды.

Жолугушуудан соң, Абулфас Караевге былтыр маданий мурастардын тизмесине катталган кыргыз шырдагы белекке берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан