Ушу тапта Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде өлкөнүн башкы экономикалык документи болуп саналган “КРнын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат.
Бүгүн, 4-декабрда Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети, Коррупцияга каршы аракет комитети өз тармактары боюнча мамлекеттик органдар жана мекемелер менен жаңы бюджет долбоору боюнча консультацияларды өткөрүп, алардын каржылык муктаждыктары менен таанышты.
Ал эми Бюджет жана финансы комитети Каржы министрлигинин, Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен бирге 2014-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүн кайрадан тактап жатат.