Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну 3 жаштагы Актан Акматбекович сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу үчүн операцияга муктаж. Бул тууралуу баланын атасы Акматбек Медетов билдирди.
Анын айтымында, бул илдетти билгендерине эки ай болгон. Баланын операциясы чет өлкөдө гана жасалат.
"Учурда Орусия менен Түркия өлкөсүнүн клиникалары менен сүйлөшүп жатабыз. Түркияда операциянын баасы 120-150 миң доллар экен. Эгер донор туура келбей калса, башка донор издөөгө туура келет. Андай учурда 200 миң долларга чейин чыгып кетиши мүмкүн деп жатышат.
7-июнда өпкөсүнөн суу алдыртканбыз, андан соң жүрөгүнөн операция болду. Учурда онкологияда жатат", - дейт Акматбек Медетов.
Актандын ата-энесинде операцияга акча каражаты жок болгондуктан кайрымдуу элден жардам сурайт. Баланын өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү эсеп номурлары аркылуу жардам бере алат.
ЭЛСОМ - 0706832484
МБАНК VISA- 4177490150100958 (0706101513)
МБАНК - 996999790212
Оптима Банк - 4169585351560536
Бай-Түшүм Банк -9417331016840982
СБЕРБАНК - 5228600542596392