Акылбек Жапаров Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырды (фото)

Бүгүн, 18-августта Бишкек шаарынын мэриясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда борборду өнүктүрүү маселеси боюнча жыйын өттү.

Министрликтен билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө "Акылдуу шаар Бишкек" долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Акылбек Жапаров шаарды натыйжалуу башкарууну камсыздоо, анын ичинде транспорттук, турак-жай-коммуналдык жана башка маселелерди чечүү максатында инновациялык технологияларды ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары министр борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен биргеликте Алтын-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу, №20 мектептин имараты жана кошумча курулушу, ошондой эле №10 мектепти оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жыйынтыгында Жапаров окуу жайлардагы оңдоо-куруу иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан