Бүгүн, 19-августта кесиптик орто окуу жайлардын III туруна абитуриенттердин арыздарын кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, аймактардагы абитуриенттер орто кесиптик окуу жайларына тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.
“Абитуриент online” системасынын ачык маалыматтарына ылайык, быйылкы жылы окууга кабыл алуу планына ылайык гранттык негизде 4020 орун, келишимдик негизде 72 миң 238 орун каралган.
Ар бир турда абитуриенттер бюджеттик орунга жана келишимдик окууга бирден арыз бере алышат.
Белгилей кетсек, өлкөдө кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру 12-июлдан 18-июлга чейин болгон. 2-тур 27-июлдан 3-августка чейин болуп өттү. Ал эми 3-тур 12-августта башталган.