Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңге жакын кырсык катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов Фейсбуктагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 48 өзгөчө кырдаал катталды. Анын кесепетинен 229 адам, анын ичинен 211и коронавирустан улам каза болгон. Ал эми жалпы келтирилген материалдык чыгымдар 3 миллиард 845 миң 50сомду түзөт.
Ошондой эле жыл башынан бери 2 миң 955 кырсык катталып, андан 159 адам каза болгондугун билдирди.