Бишкектеги Асанбай кичи районунда жайгашкан реабилитациялык зоопаркта чаарчык туулду. Бул тууралуу аталган зоопарк Инстаграм баракчасына жазды.
Андагы маалыматка караганда, зоопарктын кызматкерлери бул окуяны дээрлик 5 жыл күтүшкөн.
"Биз бул чаарчыкты дээрлик 5 жыл күткөнбүз. Кубанычыбызда чек жок, учурда элик эненин абалы жакшы, чаарчыкка жакын арада ат тандайбыз", - деп жазылган анда.