Ошто изделип жаткан жарандын жансыз денеси каналдан табылды

Ош шаарында каналдан 55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМ тарабынан маалым болду.

Ага ылайык, 16-августтан бери ИИМдин кызматкерлери тарабынан изделип жаткан 1967-жылы тулган М.Ш. аттуу эркек киши Түштүк кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришкен.

18-август күнү каналдын жээктерин издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, саат 14:40та жансыз денеси суудан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан