Чукул кабар: Тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт

20-22-август күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 20...25⁰, Талас облусунда түнкүсүн 4...9⁰, күндүз 18...23⁰, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында түнкүсүн 12...17⁰, күндүз 24...29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 21...26⁰, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2⁰, күндүз 12...17⁰, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11⁰, күндүз 18...23⁰, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7⁰, күндүз 19...24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6⁰, күндүз 10...15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2...-7⁰, күндүз 3...8⁰ка чейин төмөндөйт.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан