Бишкектеги Карл Маркс көчөсүндө мотоциклчен жаран каршы тилкеге чыгып кырсыкка кабылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, мотоциклчен жаран каршы тилкеге чыгып кетип, унаа менен сүзүшкөн. Унаа айып короосуна жеткирилди. Учурда кырсыкты териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалат.