Бишкекте тигүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардын Свердлов районундагы Дачная көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 05:59да өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана ыкчам топ тартылган. Өрт саат 06:35те чектөөгө алынып, саат 09:12де толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.