Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган үч адам Кыргыз жарандары. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандары: эки эркек, бир аял киши - учурда алардын абалы белгисиз.
Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны.